• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тогуз-коргоол: Биринчи орунду КР менен Казакстандын спортчулары алды

Спорт 0

Бишкек, 13.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте 5-12-декабрь күндөрү Чыңгыз Айматовдун элеине арналган VIII эл аралык тогуз-коргоол турнири өттү.

КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке Кыргызстандын жети облусунан, Түркия жана Казакстандан келген 120 спортчу катышкан.

Эркектер арасында биринчи орунду кыргызстандык спортчу Анарбек Жамакеев, ал эми аялдар арасында биричиликти казак спортчусу Ансаган Кожанесип уткан.

Жыйынтык:

1-орун – Анарбек Жамакеев (Кыргызстан)

1-орун - Ансаган Кожанесип (Казакстан)

2-орун – Азамат Кайдаров (Казакстан)

2-орун - Татьян Егорова (Казакстан)

3-орун – Жанат Каймулдин (Казакстан).

3-орун- Жаңыл Сагынбекова (Кыргызстан).

Пикир

Оставить комментарий