• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тогуз-Торо районунун аймагында 35 мал уурдалып, милиция алардын 18ин кайтартып берген

Аймак 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Тогуз-Торо районунун аймагында 2020-жылдын 25-декабрына чейинки жыл ичинде белгисиз кылмышкерлерге малын уурдатып жергиликтүү милицияга 14 жаран арыз менен кайрылган жана жалпы 35 бодо мал жоголгон. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо РИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында тиешелүү Тергөө жана Криминалдык милиция кызматтары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүү делген 6 жаран аныкталып (алар 29 жаштан 35 жашка чейинкилер), анын 5и тергөөнүн жүрүшүндө камакка алынып, 1 шектүүнүн үстүнөн издөө жарыяланган.

Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин бул багытта алып барган ийгиликтүү иштеринин натыйжасында уурдалган малдын 18 баш бодо мал ээлерине кайтарылып берилген.

Пикир

Оставить комментарий