• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тогуз-Тородогу өрттөн жабыркаган мектепке эки бөлмөлүү мобилдүү үй жеткирилди

Кырсык 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылындагы М.Абдыжапаров атындагы №8 орто мектебине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан эки бөлмөлүү мобилдүү үй жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чет-Булак айылында жайгашкан мектептеги өрт үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында чыккан. Өрт кырсыгы болжол электр жабдыктарын пайдаланууда техникалык эрежелердин бузулушунан улам келип чыккан.

“Өрттүн кесепетинен жалпы 468 чарчы метр түзгөн имарат толугу менен күйүп кеткен. 1,5 млн сомдук материалдык түз чыгым келтирилди”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган мектеп авариялык абалда болгону айтылган. Ал 1972-жылы фин тибинде салынган. 2014-жылы Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар комиссиясы мектептин имаратынын техникалык абалын изилдеп чыгып, пайдаланууга жараксыз деген тыянак чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий