• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Токио-2020": Олимпиада оюндары 2021-жылы көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Быйылкы жылга белгиленген Олимпиада оюндары 2021-жылы көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах билдиргенин ТАСС агенттиги жазат.

"Биз ар кандай (оюндарды өткөрүүнүн) сценарийлерди даярдап коюшубуз керек. Эч ким оюндар көрүүчүлөрсүз өтүшүн каалабайт. Ошентсе да биз Олимпиаданы коопсуз түрдө өткөрүүгө керектүү чараларды көрүүгө даярбыз", - деген ал.

Шаршемби күнү "Токио-2020'нын" уюштуруу комитетинин башчысы Ёсиро Мори уюштуруучулар оюндарды көрүүчүлөрдүн катышуусусуз өткөрүү маселесин карап чыгышы мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, башка жол табылбаса оюндар көрүүчүлөрсүз өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, Олимпиада оюндары быйыл Токио шаарында 24-июлдан 9-августка чейин өтүшү керек болчу. Бирок коронавируска байланыштуу ал келерки жылга жылдырып, оюндар 23-июлдан 8-августка чейин болуп өтөт. Ошол эле учурда оюндардын "Токио-2020" аталышы өзгөрбөйт.

Пикир

Оставить комментарий