• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токиодогу Олимп оюндары 2021-жылга жылдырылат

Дүйнө 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл жайында Токиодо өтүшү керек болгон Олимп оюндары 2021-жылга жылдырылат. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитети менен Токио олимпиадасын уюштуруу комитетинин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, оюндарды бир жылга жылдыруу чечими Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ менен Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бахтын кеңешүүсүнөн кийин кабыл алынды.

Бир нече күн мурда Синзо Абэ коронавируска байланыштуу жагдайдан улам Олимп оюндарын баштапкы планга ылайык өткөрүү «мүмкүн болбой» калышы ыктымал экенин билдирген. Ал дүйшөмбүдө парламентте сүйлөп жатып «дүйнөдө азыр Олимп оюндарын өткөргүдөй абал болбой турат» деп, буга байланыштуу Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах менен кеңешерин айткан.

Марттын башында Эл аралык Олимпиада комитети «Олимп оюндарынын датасы башка күндөргө жылдырылбайт» деген чечим кабыл алган. Комитет бардык спортчуларды мелдештерге даярдана берүүгө, машыгууну токтотпоого чакырган. Бирок бир катар өлкөлөр коронавируска байланыштуу соңку кырдаалдан улам жайкы Олимп оюндарына катышуудан баш тарта башташкан.

Буга чейин коронавируска байланыштуу футбол боюнча Европа чемпионаты жана хоккей боюнча дүйнө чемпионаты кийинкиге жылдырылган.

Пикир

Оставить комментарий