• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмок шаардык кеңешке кайсы партиялар өттү? Алдын ала жыйынтыгы

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Автоматтык түрдө эсептөө урналарынын (АСУ) алдын ала жыйынтыгы боюнча Токмок шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоодо 5 партия алдыда келе жатат.

Алдыда төмөнкү саясий партиялар келе жатат:

• “Эмгек” партиясы — 24,82%;
• “Бирге-Вместе” партиясы — 28,27%;
• “Эл Биримдиги” партиясы — 12,13%;
• “Асыл мурас-жаштар” партиясы — 16,66%;
• “Патриот ынтымагы” партиясы —13,69%.

Белгилей кетсек, шаардык кеңешке өтүү үчүн саясий партиялар 7%дык шайлоо босогосунан өтүүсү керек.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого 18, Токмок шаардык кеңешке 6, Ош шаардык кеңешке 8 саясий партия катышты.

Пикир

Оставить комментарий