• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,5 млрд куб метрден ашты

Коом 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-июлда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,570.49 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 701 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 445 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Пикир

Оставить комментарий