• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тоноочулукка шектелип эки жаш жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Тоноочулукка шектелип 19 жана 17 жаштагы эки бала кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, 31-август күнү "102" кызматына Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна ур-токмок жеп, катуу жаракат алган жаран келип түшкөнү тууралуу кабар түшкөн. Ал жаранга жабык баш мээ жаракаты, оң көздүн контузиясы жана муруну сынган деген диагноз коюлган.

Маалымат түшкөндөн кийин аталган борборго милиция кызматкерлери барышкан.

Жабырлануучу милицияга арыз жазып, 31-август күнү болжол менен саат 02:00дө белгисиз бирөөлөр сабап, баасы 70 миң сомдук "Айфон Х" телефонун, кол саат жана документтери салынган капчыгын тартып алышканын билдирген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 201-беренеси ("Тоноочулук") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул ишке шектүү катары 2000-жылы туулган У.О. жана 2002-жылы туулган М.А. кармалышкан.

Соттун чечими менен У.О. №1 тергөө абагына камакка алынса, М.А. жашы 18ге жете электигине байланыштуу эч жакка чыкпоо тилкаты менен кое берилген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектелүүчүлөрдүн катышуусу менен атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, телефон жана саат сатылган жер аныкталып, алар ээсине кайтарылган.

"Шектелүүчүлөрдөн жабыр тарткандар же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(500) 06-01-83, 0(559) 102-792 же 102 телефон номерлерине кайрылууларын өтүнөбүз", - деп билдиришти милициядан.

Пикир

Оставить комментарий