• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Токмок суу каналдын” директорунун орун басары пара берип жатканда кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. “Токмок суу канал” муниципалдык мекемесинин директорунун орун басары пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан муниципалдык ишканалардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Токмок шаарында “Токмок суу канал” мекемесинин балансында турган мамлекеттик мүлктү (чоң көлөмдөгү суу түтүктөрү) уурдоо фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, “Токмок суу каналдын” директорунун орун басары А.А.A. башында турган топ аталган мекеменин директоруна билгизбей ири суу түтүктөрүн сатуу боюнча коррупциялык схема уюштурган.

Ошол эле учурда 2023-жылдын 26-июнунда козголгон кылмыш ишинин алкагында “Токмок суу канал” мекемесинин директору О.С.К.га муниципалдык менчикти сатууну жашыруу максатында 60 миң сом пара берип жаткан жеринен анын орун басары А.А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, А.А.А.нын унаасынан суу түтүктөрүн сатуудан түшкөн дагы 135 миң сом акча каражаты табылган.

Учурда аталган мамлекеттик мүлктү уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий