• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Трак айдагандар бир айылды багат". Депутат АКШ менен эмгек келишимин түзүү керектигин айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 11-январдагы жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев кыргызстандыктарды АКШга жумушка орноштуруу боюнча келишим түзүү керектигин билдирди.

Абдалиев Россиядагы мигранттар айына орточо эсеп менен 500 доллар маяна алып, анын 100-200 долларын Кыргызстанга жөнөтөрүн айтты.

“Ал эми АКШда трак айдаган мекендештерибиз айына 10 миңден 30 миң долларга чейин каражат табышат. Мына ушунун үстүнөн иштешибиз керек. АКШ менен трак айдаган айдоочуларды алган эки-үч компания менен келишим түзүшүбүз зарыл. Анда болбосо элчилигинен суранышыбыз керек. Бизге трак айдаган айдоочуларды даярдап, англис тилин, мыйзамдарын үйрөткөнгө мүмкүнчүлүк бере турган болсо, анда мигранттардын жашоосун оңдомокпуз. Анткени трак айдагандар учурда бир айылды багып жатышат”, - дейт ал.

Абдалиев АКШда трак айдаганга 100 миң айдоочу жетишсиз экенин кошумчалады.

Жыйынга келген эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстан учурда бир катар өнүккөн өлкөлөр менен ушул багытта иш алып барып жатканын белгиледи.

“Алсак, Түштүк Корея менен келишим түзгөнбүз. Мурун бир жылда 500 адам иш менен камсыздалса, азыр алардын саны 2 миңден ашты. Өткөн жылы биринчи жолу Англияга жибергенбиз. Алар айыл чарба тармагындагы жумушта иштеп жатат. Бирок биз акырындап татыктуу жумуштар менен жарандарыбызды камсыздоого аракет кылуудабыз. Ошондой эле Германияга иштөөгө 300 медайымды даярдап жатабыз: тилин үйрөнүүдө. Мындан сырткары, Кыргызстанда чет өлкөгө жарандарды жумушка орноштуруу боюнча 112 компания-фирма бар, алар дагы иштөөдө. Ал эми АКШ боюнча, жаңы жылдын алдында мага жарандар ушул сунуш боюнча кайрылган. Азыр колдон келген аракетти кылып жатабыз. Жыйынтык чыксын, анан маалымат берем”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий