• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

UFC чемпиону Валентина Шевченко Бишкекке келди. Бүгүн күйөрмандары менен жолугат

Спорт 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Кечээ, 7-апрель күнү UFC чемпиону Валентина Шевченко Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спортчу өзүнүн машыктыруучусу Павел Федотов менен бирге келген.

Кыргызстандык мушкерди апасы Елена Шевченко, күйөрмандары, президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Жаштар иштери агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, "Кулатуу Эр таймаш" (WEF) дүйнөлүк федерациясынын өкүлдөрү тосуп алышкан.

Мекенине келген спортчу айым Бишкекте жана Ош шаарында күйөрмандары менен жолугушууларды өткөрөт. Бишкектеги күйөрмандары менен жолугушуусу, бүгүн "Бишкек парк" соода борборунда саат 16:00дө болору айтылууда. Ал эми эртеңки жолугушуу, Ош шаарынын борбордук аянтында саат 18:00дө болот.

Белгилей кетсек, Шевченко былтыр декабрь айында UFC чемпиондук курун жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий