• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМКнын Баткендеги кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 22.10.22 /Кабар/. Баткен шаарында капиталдык оңдоо иштери аяктагандыгына байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине 16 кызматтык батирдин ачкычын тапшыруу иш-чарасы өттү.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчилиги жана жеке курамы катышты.

Ташиев белгилегендей, мамлекет мындан ары да республиканын алыскы аймактарында кызмат өтөп жаткан КРнын аскер кызматкерлеринин социалдык-турмуштук шарттарын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий