• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Осмонов Ат-Башы районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Аймак 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-июлда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапакер: Аттокуров Турусбек Кудайбергенович, Осмонов Уланбек Келдибекович айылдык кеңештин депутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн.

Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого Ак-Жар айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышты. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 17-июлундагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер У.К.Осмонов 10 добуш, талапкер Т.К.Аттокуров 1 добуш алышкан, «бардык талапкерге каршы» позициясына 0 добуш.

2020-жылдын 17-июлундагы шайлоонун натыйжасы жѳнүндѳ протоколго ылайык Осмонов Уланбек Келдибекович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.

Пикир

Оставить комментарий