• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк ички жана тышкы финансы рынокторундагы жагдайларга байкоо жүргүзүүдө

Экономика 0

Бишкек 04.033.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы ички валюта рыногундагы жана тышкы финансы рынокторундагы жагдайларга туруктуу негизде байкоо жүргүзүп турат.

КР УБнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө болуп жаткан геосаясий кырдаалга байланыштуу тышкы финансы рынокторунда КРнын соода боюнча экономикалык өнөктөш болгон өлкөлөрүндө валюта курстарынын жогорку деңгээлде өзгөрүлмөлүү болушу байкалып жатат.

Кыргызстанда өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режими колдонулат, бул режимдин алкагында динамика ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына болгон суроо-талап менен сунуштун балансынын негизинде аныкталат.

Азыркы учурда валюта рыногунда чет өлкө валютасына болгон суроо-талап сунуштан ашып жаткандыгы байкалууда.

Ушуга байланыштуу Улуттук банк валюта рыногунда өзүнүн катышуусун улантуу менен валюталык интервенцияларды жүргүзүп турат, анткени Улуттук банкта жагдайды текшилөө үчүн зарыл ресурстар менен инструменттер жетиштүү.

Улуттук банк ички валюта рыногуна талдоо жүргүзүп турат жана жагдайды жөнгө салуу үчүн акча-кредит саясатынын инструменттеринин бардык спектрин колдонуп, бардык зарыл болгон чараларды кабыл алууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий