• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ушул жылдын үч айында тышкы соода жүгүртүү 11,1 пайызга азайган

Экономика 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2019-жылдын үч айында өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү дээрлик 885 млн. долларды түзүп, өткөн жылдын үч айына салыштырмалуу 11,1%га төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ошол эле учурда, экспорт 236 млн. долларды түзүп, 0,3%га кыскарса, импорт 648,6 млн. доллар болуп, 14,5%га азайган.

Өлкөбүздүн Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен болгон соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2019-жылдын январь-февраль айларында 306 млн. долларды түзүп, былтыркыга караганда 10,7%га төмөндөгөн. Анын ичинде, экспорт 24,8%га, импорт 4,9%га төмөндөгөн.

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон соода жүгүртүүсүндө Россия (58,1%) менен Казахстан (40,4%) алдыңкы орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий