• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Венгриянын премьери Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек 13.01.21. /Кабар/. Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик кызматына талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөргөнүбүзгө кубанычтамын. Акыркы жылдарда өнүгүп келе жаткан Венгрия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык мамилелерибиз мындан ары да өз ара урматтоонун негизинде улана берерине үмүт артамын. Венгрия Өкмөтү мындан ары да өз ара кызматташууну тереңдетүүгө жана Түрк Кеңешиндеги иштерди биргелешип ийгиликтүү жүзөгө ашырууга багытталган иш-аракеттерди улантарына Сизди ишендирем. Жооптуу ишиңизге ийгиликтерди жана бекем ден-соолук каалайм”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий