• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Волейбол чемпионаты: Кыздар арасында өлкө чемпионатынын биринчи туру жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Волейбол боюнча кыздар арасында Кыргызстандын чемпионатынын биринчи туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Биринчи тур 3-7-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 8 команданын катышуусунда өттү.

Чемпионаттын алгачкы турунда ар бир команда беш оюн өткөрдү. Бардык оюнда атаандашын жеңген "Салам-Алик" жана "Улар" командалары 10 упай менен тизменин сап башында турат.

Кийинки орунга 9 упайы менен "Дордой" командасы илинди.

Белгилей кетсек, волейбол чемпионатынын экинчи туру 8-15-мартта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий