• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

WEF президенти: “Ысык-Көлдө дүйнөлүк стандарттагы машыгуу лагери курулат”

Спорт 0

Бишкек, 29-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ысык-Көлдө дүйнөлүк стандарттарга жооп берген окутуу-машыктыруучу лагерь курулат. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк «Кулатуу Эртаймаш ММА» (WEF - World Ertaymash Federation) улуттук күрөш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев билдирди.

Анын айтымында, 200 адамдык WEF машыктыруучу базасы Чолпон-Ата шаарында жайгашат. “Лагерде Кулатуу, ММА, тай боксу, күрөш, самбо, бокс, грепплинг ж.б. боюнча дүйнөлүк мелдештерге даярдануу үчүн Кыргызстандын спортчуларына бардык шарттар түзүлөт”, - деди ал.

Ошондой эле, Р.Кыдырмышев, курулуш быйылкы күздө башталып, демөөрчүлөрсүз, федерациянын каражатына жүргүзүлөрүн белгиледи.

Бул лагерге Кыргызстандын гана эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү келе алышат.

Пикир

Оставить комментарий