• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кант шаарында өсүмдүк майын чыгаруучу ишкана ачылды

Коом 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Ысык-Ата районунун Кант шаарында өсүмдүк майын чыгаруучу чакан ишкана ачылды. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын ачылышына айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, Ысык-Ата районунун акими Нуралы Курмантаев, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бек Жекшенбаев, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев жана башкалар катышышты.

Аталган ишкана суткасына 12 тоннадан ашуун өсүмдүк майын иштетип чыгаруучу өндүрүштүк кубаттуулукка ээ.

Пикир

Оставить комментарий