• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Атада милиция кызматкерлери чет өлкөлүк студенттер арасында кылмыштуулуктун алдын алууда

Коом 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Ысык-Ата районунун аймагында билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, бул иш-чарага райондук милиция башчысынын орун басары Р.Турусбеков, окуу жайлардын мугалимдери жана 300дөн ашуун чет элдик студенттер катышты.

Жолугушууда Турусбеков чет элдик жарандарга, коомдук тартипти бузбоого чакырып ошондой эле уурулукка жана каракчылыкка жол бербөө үчүн түнкүсүн этият болууну эскертти.

Ал студенттерди коомдук тартипти сактоо менен бирге жолдо жүрүү эрежелерин бузбоого жана чет элдик студенттерди коомдук транспорттордун ичинен чөнтөк телефондоруна, акчасын жана башка мүлктөрүнө сак болууга чакырды.

Бул жолугушууда чет элдик студенттер укук коргоо кызматкерлерине өз суроолорун берип, жоопторун алышты.

Мындай профилактикалык иш-чаралар мындан ары да ар бир ай сайын жүргүзүлүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий