• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Атада поезд өспүрүм кызды сүзүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Ысык-Атада поезд өспүрүм кызды сүзүп кеткен.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 27-июнда темир жолдордун бириндеги жөө өтмөктөн поезд кызды сүзүп алганы боюнча маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, анда милиция кызматкерлери 2009-жылы туулган кыздын сөөгүн табышкан.

Аталган факт милициянын электрондук журналына каттоого алынган.

Кырсык катталган жерде аталган өспүрүм кыздын блокноту табылып, анда кыз жашоого болгон көз карашын жазып жүргөнү жана чоң энеси менен жашай турганы белгилүү болгон.

Учурда иштин жагдайын аныктоо үчүн бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий