• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Ысык-Көл» аэропорту Алматыдан туристтик мезгилдеги алгачкы авиакаттамды тосуп алды

Аймак 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту бүгүн, 2-июлда, жайкы туристтик мезгилдин алгачкы Алматы-Тамчы-Алматы каттамын тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Алматыдан Ысык-Көл облусуна эл аралык авиамаршрутту SCAT авиакомпаниясы жүргүзүүдө.

Авиакомпания каттамды жумасына 3 жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткармакчы.

Учуу убактысы 40 мүнөт.

Пикир

Оставить комментарий