• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө экологиялык коопсуздукка каршы жүздөгөн кылмыштын бети ачылды

Коом 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө экологиялык коопсуздукка каршы жүздөгөн кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы жаңы түзүлгөн туристтик-экологиялык милиция кызматынын негизги милдети токойлорду мыйзамсыз кыюуга, браконьерликке, таштандыларды жана биологиялык калдыктарды уруксатсыз өрттөөгө жана учурдагы экологиялык мыйзамдарга каршы келген башка аракеттерге бөгөт коюуга багытталган.

Мындан тышкары, туристтик сезондо чет элдик туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле аймакта коопсуз эс алуу боюнча кеңештерди берүү милдеттери да камтылган.

"Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын взводунда кызмат өтөп жаткан 42 милиция кызматкери, бардык керектүү формалар жана атайын техникалар менен камсыз болушкан. Атайын даярдыктан өткөн, чет тилдерин мыкты өздөштүргөн милиция кызматкерлери, ар дайым адамдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоодо, экологиялык коопсуздукту сактоодо күзөттө турушат", - деп айтылат маалыматта.

Аталган кызмат тарабынан жыл башынан бери экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш, ошондой эле өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы кылмыштардын жана укук бузуулардын 100 фактысынын бети аныкталган. Аныкгалган фактылар боюнча 64 кылмыш иши козголуп, анын ичинен 16 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары бүткөрүлүп, соттун кароосуна жиберилди. Калган фактылар боюнча, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү. Жогоруда аныкталган фактылар боюнча жалпы материалдык зыян 2 миллион 970 миң 522 сомду түздү.

Мындан тышкары, быйылкы кышкы туристтик сезондо 16 чет элдик туристке ар кандай жардамдар көрсөтүлгөн. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан өздүк иликтөө иштеринин натыйжасында, 1 адам өлтүрүү, 6 башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо фактылары аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 11 ок атуучу курал алынган.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 27,5 миң метр түзгөн 275 даана браконьерлик торлор алынды. Мыйзамсыз балык уулаганы үчүн 25 браконьер кармалып, алардан жалпысынан мыйзамсыз кармалган 608 даана ар кандай балыктын түрлөрү, бак-дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу боюнча 44 факты аныкталып, анда мыйзамсыз кыйылган 1 миң 507 даана бак-дарактар ​​жана бадалдар алынган. Кыргызстандын Кызыл китебине кирген эки күрөң аюуну атып алган бир факты аныкталган.

Учурда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери, экологиялык коопсуздукту сактоо менен бирге келе жаткан жайкы туристтик сезонго кызуу даярдыктарды көрүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий