• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө Казакстандын жараны каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 05.08.18. /Кабар/. Ысык-Көлдө Казакстандын жараны каза болду. Мындай маалыматты "Кабар" агенттигине милициядан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 5-августта укук коргоо органдарына Бостериде эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Көз жумган адам Казакстандын жараны экендиги аныкталган.

"2-августта ал Ысык-Көлгө эс алганы жубайы жана 4 баласы менен келген. Анын жансыз денеси коттедждеги номерден табылган. Жубайынын айтымында, жолдошу эс алуу учурунда алкоголь ичимдигин ичкен", - деп билдиришти күч органдарынан.

Пикир

Оставить комментарий