• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө кытай жараны 26 күндөн бери дайынсыз болууда

Аймак 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти 22 жаштагы Кытай жараны Сай Тун изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытай жараны 24-июлда Ак-Суу районунун Ала-Көл жайлоосуна чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегендиги тууралуу маалыматты 18-августта Ысык-Көл облустук ​ ИИБнен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына атайын кат аркылуу билдиришкен.

Маалыматтык билдирүүдөн улам Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткарууу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, облустук ИИБнинн кызматкерлери менен биргелекте издөө иштерине жөнөп кетишкен.

Учурда издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий