• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиционерлер кытайлык туристке унутуп кеткен баштыгын кайтарып беришти

Коом 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери кытайлык туристке унутуп кеткен баштыгын кайтарып беришти. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чет элдик туристтердин жана эс алуучулардын кайрылууларына өз убагында сервистик тейлөө жана жардам көрсөтүү максатында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын базасында төрт тилде - англис, түрк, орус жана кыргыз тилдеринде call-борбор иштеп жатат. Ар бир турист 0705 009 102 номерине чалып, коопсуз эс алуу жана аймакты жакшы билбесе, багыттоо боюнча бардык керектүү маалыматтарды ала алышат.

Жакында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын call-борборуна Кытайдын жараны Хуан Сиоминг чалып, Каракол шаарындагы автобекеттердин биринде рюкзагын унутуп кеткенин билдирди. Ошондой эле чет элдик турист, анын рюкзагында зарыл болгон документтер жана буюмдар бар экенин маалымдаган.

Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына жана кайгуул экипаждарына чет элдик жаран жоготуп алган буюм тууралуу багыттамалар берилип Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына жана кайгуул экипаждарына берилип, издөө иштери колго алынган. Көп узабай шаардык милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү чет элдик туристтин жоготуп алган буюмун таап, ээсине кайтарып беришкен.

Кытай жараны Хуан Сиоминг жоголгон рюкзагын издөөдө көргөзгөн ыкчамдыгы үчүн милиционерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий