• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө көлдөн 3 миң тоннага жакын таштанды, 34 миң метр тор чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө көлдөн 3 миң тоннага жакын таштанды, 34 миң метр тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жумада көлдүн Түп районуна караштуу Фрунзе, Балбай, Кутургу, Түп айылдарына караган аянттары тазаланды.

"12-мартта башталган масштабдуу иш-чарада жалпы көл бетинен 39 миң гектар аянты камтылып, суу астынан 2 835 тонна ар түрдүү таштанды, 34 500 метр балык уулоочу тор чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн флора жана фаунасын, тазалыгын сактоо максатында президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде 12-март күнү 'Ысык-Көлдү коргойлу" иш-чарасы расмий түрдө башталган. Ага ылайык бир катар министрликтерден атайы жумушчу топ түзүлүп, көлдөгү таштандыларды жана балык уулоочу торлордон арылтууга масштабдуу түрдө киришкен.

Аталган маанилүү иш-чарада негизги жумуш Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары тарабынан "Дельта" катери жана "Мөлтүр" кемеси менен аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий