• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдүн жээгинде 150гө жакын мыйзамсыз курулуш буздурулду

Аймак 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык Ысык-Көлдүн жээгиндеги 146 мыйзамсыз курулуш буздурулду. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуштун төрагасы Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Жыпаркуловдун маалыматына караганда, анын ичинде 100 метрлик аралыкта жайгашкан жеңил тамактануучу жай, кафе, дүкөн жана пирс жана башкалар бар.

Белгиленгендей, Мамкурулуш тарабынан мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюлуп, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, ал эми соттук процесстер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий