• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

УКМК: ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт коюлду

Коом 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Талас облусунун аймагындагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагына тиричилик буюмдары деп товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз түрдө, милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн алып кирүү аракетине бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, 2023-жылдын 26-октябрында “Чоң-Капка-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан КР М.С.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы “ДАФ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын ичинен тиешелүү жүк ташуу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктар чыккан.

Учурда бул факты боюнча милдеттүү салыктык төлөмдөрдү төлөбөй коюдан тарткан зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.

Пикир

Оставить комментарий