• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Темир Сариев бизнестин таламын талашуу жанданганын билдирди (видео)

Экономика 0


Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Кыргызстанда ишкерлердин укуктарын коргоо, экспортко чыгарууда алардын таламын талашуу жанданды. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев "Кабарга" берген маегинде билдирди.

Сариевдин айтымында, ата мекендик ишкерлерди кыйнаган маселелерди ыкчам чечүү үчүн ар түрдүү трибуналар колдонулуп, ачык талаптар коюлуп жатат.

“Казакстан менен маселе бар. Алар улам-улам ар түрдүү шылтоолор менен ар кандай бөгөттөрдү коюп жатпайбы. Казакстан менен биздин атайын бизнес кеңешибиз бар. Мен алар менен жолукканда катуу айттым. Ал жерде өкмөтү, элчиси да отурду. Чыдагыс шарттарды түзүп жатасыңар. Бул боордош, коңшу өкмөттүн кыла турган иши эмес. Мындан бир биз гана эмес, силердин эл да жапа чегип жатат. Биздин арзан, сапаттуу азыктарыбыз силерге жетпей калууда. Ары жагыңарда болсо Россия турат. Аларга да биздин товарлар кире албай калды. Бул маселелерди карап, чечип бергиле деп абдан каттуу айтып жатабыз”, – деди Соода-өнөр жай палатасынын президенти.

Ошондой эле Сариев кемчилик кыргыз тарапта да жок эмес экендигин белгилеп, ар кандай процедуралык маселелер аягына чейин аткарылбай калгандыктан маселе оорлошуп кетип жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий