• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө пляждардагы тосмолор алынууда — видео

Коом 0


Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө пляждардагы тосмолор алынууда. Мындай иштер облустун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу максатында аткарылууда. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, президент “КР Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койгон.

Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий