• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жана Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгы белгиленүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.07.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каркыра жайлоосунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда чыгаан жазуучу, коомдук ишмер, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгы белгиленүүдө.

Майрамдык салтанаттын алкагында шоу-программа уюштурулуп, Түгөлбай Сыдыкбеков менен Советбек Жумадылов тууралуу биографиялык тасмалар көрсөтүлдү.

Андан соң мамлекет башчысы сөз сүйлөп, фестивалдын жеңүүчүлөрүнө унааларды тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү манасчылар, төкмө акындар өнөрлөрүн тартуулап, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Ага казакстандык спортчулар да катышты.

Пикир

Оставить комментарий