• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 01.10.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 1-октябрда болжол менен саат 03:30да катталган.

Жердин силкинүүсү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Туура-Суу айылдарында 4 балл, Тоң, Темир-Канат, Эшперов, Төрт-Күл айылдарында 3,5 балл, Тамга айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий