• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улутубузга таяныч болуп, узак өмүр сүрүңүздөр! Шакиев карыларды майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.10.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды 1-октябрь – Карылар күнү менен куттуктады.

Төмөндө төраганын куттуктоо сөзү:

"Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз эли байыртан улууга урмат кылып, карыны төрдүн көркү, үйдүн куту катары кадырлашкан. Эч ким улгайган ата-энесин таштаган эмес. Ал тургай алдынан кыя кесип өтүү адатта жок, жосунсуз жорук катары бааланган. Ак сакалын жайкалткан аталар, ак элечекчен энелер акылын айтып, кеңешин берип, дайыма калктын башында турушкан. Мезгил сынынан өткөн нарк, жазылбаган эреже менен жашаган кыргыз үчүн карылар ырыстын булагы, берекенин башаты болуп саналган. Андыктан, ата салтын улантуу ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Кадырлуу мекендештер!

Карыларга кам көрүп, урмат көрсөтүү мамлекеттик саясатыбыздын да артыкчылыктуу багыттарынын бири. Алсак, быйыл дагы 1-октябрдан тарта пенсиянын көлөмүн көбөйтүү чечими кабыл алынды. Ал эми Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын алкагында карылардын жашоосун жакшыртууга багытталган бардык демилгелерди колдоп келет. Анткени, жаштайынан талыкпай эмгектенип, эгемен мамлекетибизди түптөгөн аталарыбыздын, энелерибиздин эрдиги татыктуу бааланышы керек.

Кымбаттуу карыялар!

Биз силердин айткан акылыңырга, берген кеңешиңерге дайыма муктажбыз. Өткөн доор менен келечекке көпүрө болуп, төрүбүздө жүрүңүздөр! Урпактарыңарга эле эмес, улутубузга таяныч болуп, узак өмүр сүрүңүздөр! Сиздерге бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык тилейм!"

Пикир

Оставить комментарий