• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 6 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 23.04.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 6 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-апрель күнү саат 14:15тер чамасында Ысык-Көл районунун Балыкчы-Каракол автоунаа жолунун болжол менен 115-чакырымында "Хонда Одисей" жана "Митсубиси" автоунааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жол кырсыгынын кесепетинен 6 жаран жаракат алган.

Кырсык орун алган жерге ӨКМдин 4 куткаруучусу тартылып, тез жардам кызматы менен биргелекте жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий