• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тышкы иштер министрлигинин жамаатына жаңы жетекчи тааныштырылды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 23.04.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тышкы иштер ведомствосунун жамаатына тышкы иштер министринин м.а. Жээнбек Кулубаевди тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары жаңы министрдин дипломатиялык кызматтагы практикалык иш тажрыйбасы жана жогорку кесипкөйлүгү тууралуу жылуу пикирин билдирип, Жээнбек Кулубаевдин жогорку квалификациясы КР президенти тарабынан түзүлгөн мамлекеттин тышкы саясий багытын тутумдуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде тышкы иштер министринин м.а. Жээнбек Кулубаев республиканын жогорку жетекчилигине көрсөтүлгөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирип, министрликтин жамааты менен биргеликте ага жүктөлгөн ишенимди актоого бардык күч-аракетин жумшаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий