• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-февралда саат 07:20 чамасында Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы көпүрөдөн "Toyota Land Cruiser" үлгүсүндөгү унаа түшүп кетткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине Ысык-Көл районунун №31 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, 27 жаштагы С.С. эркек кишинин жансыз денесин унаадан чыгарышып, маркумду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий