• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокенде дайынсыз жоголгон 25 жаштагы Алина Абдумомунованын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Ноокен районунда дайынсыз жоголгон 25 жаштагы Алина Абдумомунованын сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

undefined

Маалыматка ылайык, кыздын сөөгү Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылында жайгашкан Кайырма суу сактагычында табылган. Облустук милициядан кошумчалашкандай, учурда кыздын өлүмүнүн себеби аныкталууда.

Белгилей кетсек, Абдумомунова 6-январында саат 08:30 чамасында Ноокен районунун Алма айылында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сураган.

Пикир

Оставить комментарий