• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Өзүмдүн беттешиме канааттанган жокмун”. Шевченконун жеңишинен кийинки маеги

Спорт 0


Бишкек, 11.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко бразилиялык Тайла Сантосту жеңип алды.

Шевченко менен Сантостун беттеши UFC 275 турниринин алкагында Сингапурдагы Singapore Indoor Stadium аренасында өттү.

Валентина Шевченко жеңишинен кийин алып баруучунун бир катар суроолоруна жооп берди.

“Сингапурга сапар өтө оор болду, биз 30 саатта бул жакка учуп келдик. Албетте, ар бир беттештен кийин бул-тиги жерин жакшыраак кылыш керектигин издеп, таба баштайсың. Бул чемпиондун ой жүгүртүүсү. Мен өзүмдүн октагондогу беттешиме канааттанган жокмун. Бардык беттештен кийин мыкты болууга аракет көрүп келем. Колуман келгенин кылдым. Бул октагонго жүрөгүмдү калтырып кеттим”, - дейт ал.

Шевченко Сантос ага караганда салмагы оор экенин күткөнүн айтып, аралаш мушташта ар бир килограмм роль ойнорун белгилеп кетти.

“Чынын айтканда, Тайланын грэпплингде жана мушташта дагы мыкты болгонун билип, аны күткөм. Эми, алдыга жылып, мындан да күчтүү болууну, ким менен кайсы жерде болбосун беттешүүнү каалайм. Мага атаандаштарды көрсөтө бериңиздер”, - деп сөзүн жыйынтыктады.

Кыргызстандык мушкер беш раунддун жыйынтыгында жеңүүчү аталып, жетинчи ирет чемпиондук курун коргоп калды.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 26-сентябрында Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфини утуп, алтынчы ирет чемпиондук курун коргоп калган.

Пикир

Оставить комментарий