• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Zagreb Open: Айсулуу Тыныбекова алтын үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Zagreb Open биринчи рейтингдик мелдешинин финалына чыкты.

Алтын үчүн күрөштө кыргыз балбаны америкалык Кайла Киеко Миракл менен кез келет.

Белгилей кетсек, мелдеш 10-14-январь күндөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жатат.

62 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып жаткан Айсулуу Тыныбекова мелдештин 1/16 финалынан тарта катышып, алгач америкалык Адаго Диана Нвачукву менен кез келди. Тыныбекова атаандашын 4:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыкты. Чейрек финалга чыгуу үчүн күрөштө кыргыз спортчусу атаандашы кытайлык Яру Вуну 6:5 эсебинде жеңди. Чейрек финалда Тыныбекова россиялык Алина Касабиеваны 7:3 эсебинде артта калтырып, жарым финалга чыкты.

Финал үчүн беттеште Айсулуу Тыныбекова япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, акыркы аракети үчүн япониялык балбанды 3:3 эсебинде жеңип алды.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында өткөн Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде Айсулуу Тыныбекова Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 4:1эсебинде жеңип, Дүйнөнүн үч жолку чемпиону аталган.

Пикир

Оставить комментарий