• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Катарда футбол боюнча негизги континенталдык турнир – Азия Кубогу старт алды. Сүрөттөр

Спорт 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Катарда футбол боюнча негизги континенталдык турнир – 2023-жылкы Азия Кубогу старт алды.

Турнирдин ачылышы "Лусаил" стадионунда өтүп, көз жоосун алган азем менен коштолду. Иш-чаранын ачылышына жана алгачкы беттешти көргөнү 82 миңден ашуун көрүүчү келген.

Кубоктун алкагындагы алгачкы беттеш Катар жана Ливан курама командаларынын ортосунда орун алды. Оюндун жыйынтыгында катарлыктар 3:0 эсебинде атаандаштарын артта калтырып, жеңишти илип кетти.

Белгилей кетсек, Азия Кубогуна жалпысынан 24 улуттук футбол курама командасы катышып, алар төрт командадан турган алты тайпага бөлүнгөн.

Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир квартеттен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты 4 команда чыгат.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия биринчилигине өз тарыхында экинчи жолу ойнойт.

Кыргызстандын улуттук курамасы "F" тайпасында орун алган, атаандаштары Таиланд, Сауд Аравия жана Оман курамалары болот. Турнирдеги "Ак шумкалардын" старттык беттеши 16-январда "Абдулла Бин Халифа" стадионунда өтөт. Башталышы Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да.

Эске сала кетсек, аталган турнирдин бардык оюндарынын түз алып берүүлөрү Кыргызстандын аймагында "УТРК Спорт" каналында жеткиликтүү болот.

Оюндардын жүгүртмөсү: 16-январь | 1-оюн күнү
Таиланд 20:30 Кыргызстан Абдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия 23:30 Оман Халифа стадиону
21-январь | экинчи 2-оюн күнү
Оман 20:30 Таиланд Абдулла бин Халиф стадиону
Кыргызстан 23:30 Сауд Аравия Ахмат бин Али стадиону
25-январь | 3-оюн күнү
Кыргызстан 21:00 Оман Абдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия 21:00 Таиланд Эдьюкейшн сити стадиону

Азия Кубогу үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 10-февралына чейинки аралыкта Катардагы 9 стадионунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий