• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иштер күчөтүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, аны жоюу жана өзгөчө кырдаалдарга карата мүлктү камсыздандырууну өнүктүрүү боюнча жыйында тиешелүү мамлекеттик органдарга бул багытта ишти күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчысы кыш жана жаз мезгилинде жаан-чачындын көп болушу менен, ар кандай табигый кырсыктардын болуу коркунучу жогору болорун баса белгиледи. Акыркы кезде мындай фактылардын саны кескин жогорулады.

Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык тиешелүү чараларды көрүү керектигин эскертти.

Өзгө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жыл башынан бери жалпы материалдык чыгымы 266 млн сомдон ашкан, 206 жаратылыш жана өзгөчө кырдаалдардагы техногендик кырсыктар болгонун билдирдди.

Ал ошондой эле 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилинде Баткен облусунан башка бардык аймактарда жаан-чачындын деңгээли 170%дан 300%га чейин болгонун кошумчалады. Мындан улам кооптонуулар жаралып, өзгөчө кырдаалдардын саны көп болгон.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзгө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Финансы министрлигине керектүү каражатты убагында бөлүү керектигин жана калган тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго, аймактардагы мамлекеттик органдар менен биргеликте убагында иш алып барууну тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле региондордун ортосундагы транспорт байланыштарын үзгүлтүккө учуратпоонун алдын алуу максатында, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюп, жолдорду тез арада тазалоо зарылдыгын белгиледи.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине, аймактардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, аймактык башкаруулардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырылды.

Өкмөт башчы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, аны жоюу жана калкты коопсуз жайларга көчүрүү боюнча иштерди жүргүзүү багытында селектордун жыйын дайыма, ай сайын өткөрүлүп турарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий