• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөндө көп балалуу энелерге "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда көп балалуу энелерге "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мурат Раматов катышты.

Бактыбек Алайчиев энелерди куттуктап, ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн:

Өзгөн районунда 73 энеге " Баатыр эне" ордени, 27 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Ал эми Ош облусунда 397 энеге " Баатыр эне" ордени жана " Эне даңкы" медалы тапшырылды. Ош облусунда жана 5 230 көп балалуу энелер жашайт.

Пикир

Оставить комментарий