• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жаңы Конституция. Кыргызстанды кандай өзгөрүүлөр күтөт

Аналитика 0

Кечээ, 5-майда Кыргызстанда Конституция күнү белгиленди. Муну менен катар жакында өткөн референдумга ылайык жаңы Конституция кабыл алынды. Документти өзгөртүү коомчулукта да, эксперттер чөйрөсүндө да узак талкууланды. Бул өлкө үчүн олуттуу чечим, бирок эң маанилүү деталдардын бири – жооптуу, зарыл болгон учурда кандайдыр бир тартип бузууларды сураган адам бар. Буга чейин көптөгөн иштер бюрократиялык манипуляциялардын жүрүшүндө жоголуп кетчү.

Жаңы Конституцияга 5-майда “Ала-Арча” резиденциясында кол коюлду. Белгилей кетүүчү жагдай, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 2021-жылы 11-апрелде өткөн, аны 79%дан ашык добуш берүүчү колдогон. Ошондой эле мамлекет башчысы “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” КРнын тиешелүү мыйзамына кол койду.

Баш мыйзамдын дарегине айтылып жаткан сын-пикирлер түшүнүктүү, ал кандай өзгөрүү болбосун айтылып келет. Президенттик башкаруу формасы, айрыкча биздин оор кырдаалда жалгыз вариант болуп саналат. Анткени, пандемия учурундагы кырдаал эч кимде жоопкерчилик жок экенин көрсөттү. Мындай көз карашын Конституциялык кеңешменин мүчөсү Муратбек Иманкулов билдирди.

“Акыркы убактарда жаңы Конституцияга карата сын-пикирлер, мындай чечим шашылыш кабыл алынгандыгы тууралуу ойлор айтылып жатканына байланыштуу мен башка өлкөлөрдүн көптөгөн Конституциясын изилдеп чыктым десем болот. Көпчүлүк өлкөлөрдө Баш мыйзам 2-3 айдын аралыгында эле кабыл алынган. Диктатура болот дегенге байланыштуу айтылгандарга диктатураны ошол парламенттик тутум өзү алып келгенин белгилегим келет. Көп партиялуулук диктатуранын пайда болушун шарттайт. Ошондой эле тарых парламентаризм көп тармактарда өнүгүүнүн артта калышына өбөлгө түзгөнүн көрсөттү”, - деди Иманкулов.

Конституциялык реформа өлкөдөгү түрдүү процесстерди реформалоонун башталышы гана экенин түшүнүү керек. Бул тууралуу кечээ жаңы Конституцияга кол коюу аземинде президент Садыр Жапаров билдирди. Мисалы, ал аткаруу бийлигинин жаңы моделин түзүү керектигин белгиледи.

“Кыска мөөнөттүн ичинде жалпы мамлекеттик аппараттын ишин кайра карап, түп-тамырынан бери реформалап, кесипкөй жана коомдун кызыкчылыктары үчүн кызмат кылууга ылайыкталган аткаруу бийлигинин системасынын жаңы моделин курабыз”, - деди ал.

Мамлекет башчы белгилегендей, ошол эле мезгилде бүгүнкү кабыл алынган Конституцияга ылайык, кадр саясатынын эффективдүүлүгү үчүн жана мамлекеттик кызматкерлерге социалдык пакеттердин каралышын эске алуу менен “Келечек” программасын иштеп чыгып, жакынкы арада сунуштоону тапшырды

Ошондой эле, президент аткаруу бийлигинде төрт багытта башкаруу блогу болорун белгиледи:

1. Министрлер кабинети элдин жашоосун жакшыртууну камсыз кыла турган үзгүлтүксүз жана натыйжалуу ишти уюштурат.

2. Коопсуздук Кеңеши коопсуздукту камсыз кыла турган жана кризистик кырдаалдарда иш алып барган түзүм болот.

3. Туруктуу Өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жана анын катчылыгынын базасында өлкөнүн өнүгүүсүн башкаруу системасы түзүлөт.

Бул түзүм, стратегиялык маселелер, ири инвестициялык долбоорлор, реформаларды даярдоо жана аларды ишке ашыруу, ошондой эле улуттук программаларды көзөмөлдөө менен алектенет.

4. Биз улуттук маданиятты, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү, кыргыз коомунун кайра идентификациялоо — улуттук кайра жаралуу процесси, кыргыз диаспоралары менен өз ара байланышуу маселелерин өзүнчө блокко камтыйбыз.

“Бул багытта мамлекеттик катчы иш алып барат. Анын иш-милдеттерине идеология, таалим-тарбия, жарандык коом менен өз ара кызматташуу, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак маселелери кирет. Бүгүн мен кыскача айткан сунуштар менен көрсөтмөлөр Президенттин өлкөнү орто мөөнөттүү мезгил ичинде өнүктүрүү стратегиясында камтылган. Өнүгүү стратегиябыз даяр. Мен аны министрлер кабинетине тапшырам, министрлер кабинети стратегияны ишке ашыруу программасын саналуу күндөрдө Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет”,- деди өлкө башчы.

Келечектеги реформаларга келсек, алар каржы, сот, адам укуктары, материалдык-техникалык камсыздоо жана тышкы саясат жаатында пландаштырылууда. Акыркысы акыркы окуяларга байланыштуу эң актуалдуу.

“Биринчиден, биз бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзөбүз. Баарынан мурда — себепсиз текшерүүлөрдөн, кийлигишүүдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоону камсыздайбыз. Көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат, лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөтү кыскартылат, капиталдын эркин жүгүртүлүшү камсыздалат. Башкарууну жакшыртууга, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана санариптештирүүгө, салык жүгүн төмөндөтүүгө жана бизнести көмүскөдөн чыгарууга багытталган фискалдык системаны реформалоо ишке ашырылат. Биз мамлекеттик — жеке өнөктөштүк диалогун жаңы деңгээлге чыгарабыз жана бизнести угууга даярбыз! Андыктан, 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизебиз. Экинчиден, бизнестин сот системасынын калыстыгына, адилеттүүлүгүнө жана объективдүүлүгүнө ишениши маанилүү. Пландалып жаткан соттук реформанын алкагында жеке менчик укугун коргоо күчөтүлөт жана третейдик сот интситуту өнүктүрүлөт. Үчүнчүдөн, биз тышкы соода структурасын сапаттуу өзгөртүүнү жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну камсыздашыбыз керек. Тышкы соода операцияларын жүргүзүү бизнес үчүн ыңгайлуу, тез жана жөнөкөй болот”, - деди Садыр Жапаров.

Өзгөрүүлөр дароо байкалбай турганы айдан ачык, анткени бул узак жана талыкпаган эмгекти талап кылат. Бирок, мындай жаңычылдыктар – көптөн бери суралып келген коомдун талабы. Кыргызстанга жүргүзүлгөн саясаттын кесепеттерин мойнуна алууга даяр, күчтүү жана жоопкерчиликтүү фигура керек. Жаңы Конституцияга ылайык, мындай фигура президент болот.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий