• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Кабар" МАБ: Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда

Аналитика 0

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал оор бойбон калууда. Республикада 17-июнга карата коронавирус жуктурган 90 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 3 миң 544 изилдөө жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында коронавирус жуктурган 90 учур катталды.

Ал билдиргендей, Бишкеке шаарыда 36 кишиден, Чүй облусунда − 29, Ош шаарында − 7, Ош облусунда − 6, Ысык-Көл облусунда − 3, Баткенде −3 жана Талас облусунда 6 адамдан коронавирус табылган.

Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган жалпы 2 миң 562 учур катталды. Жаңы учурлардын 42синде оору байланышта болгондордун арасында табылды. 12 киши сырттан келгендер. 36 учурда бейтап ооруну кайдан жуктурганы аныктала элек.

"Бүгүнкү күндө коронавирус жуктургандардын саны көбөйүүдө. Жуктургандардын катарында ар кандай мекемелердин кызматкерлери болууда. Мунун баары санитардык талаптардын аткарылбагандыгы менен байланыштуу. Илдет жуктургандардын саны күн санап өсүүдө. Жарандар ортосундагы аралыкты сактоо керектигин эске салам", - деп белгиледи саламаттык сактоо министринин орун басары.

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов менен жолугушту.

Жолугушууда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү чаралары талкууланды.

Кубатбек Боронов акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйгөнү байкалып жатканын белгиледи. Эпидемиологиялык оор кырдаал Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда байкалып жатат.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустук инфекция жогорку чегине жетти деп айта алабыз. Акыркы күндөрү Кыргызстанда вирусту жуктургандардардын саны кыйла жогору болду. Бул коомдук транспорттун иштей башташы жана экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрү ишке киришине байланыштуу оорунун жаңы толкунун пайда болду десем болот. Бирок кырдаал өзгөчө абал режиминин алынышынан улам начарлап кетти деп айтууга болбойт. Жарандар өздөрү санитардык талаптарды аткарбай калышты. Көчөлөрдө беткапсыз жүргөн жарандарды байкоого болот жана ЖМКларда маданий-массалык иш-чараларга болгон мораторийдин бузулушу туурасында маалыматтар чыга баштады. Айтка кетчү нерсе, жарандар өздөрү оорубагандыктан жакын-туугандарыма да жукпайт деп ойлоодо. Баардык Кыргызстандын жарандарын өзүңүздөргө эмес, ушул тапта күнү-түнү иштеген дарыгер, тамак-аш тармагындагы адамдар, активисттер, ИИМдин кызматкерлерине урмат-сый менен мамиле кылууңуздарга чакырам. Азырынча базарларга жана ири дүкөндөргө баруудан баш тартыңыздар. Батирлериңизде же үйлөрүңүздөгү оңдоп-түзөө иштерин баштабай туруңуз, анткени курулуш материалдары үчүн базарларга барып турууңуз керектелет. Чындыгында абал өтө олуттуу жана көпчүлүк муну түшүнбөйт. Баарыбыз жоопкерчиликтүү мамиле кыла турган учур келди", - дейт философия илимдеринин кандидаты, психолог Эдуард Бочков.

Боронов өлкө башчы менен жолугушууда белгилегендей, бул өлкөдөгү экономикалык ишмердиктин жандандырылышы — бүгүнкү күндө экономиканын 90%дан ашык тармактары толугу менен иштерин баштагандыгы менен негизделүүдө. Ошондой эле ал жарандардын санитардык-гигиеналык ченемдери менен беткап режимин толук кандуу сактабай келе жатканын баса белгиледи.

Кубатбек Боронов симптомсуз вирусту алып жүргөндөрдүн саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, Республикалык ыкчам штаб тарабынан аларды аныктоо жана дарылоонун жаңы алгоритми иштелип чыгып жатканын маалымдады.

Өз учурунда президент Сооронбай Жээнбеков акыркы күндөрү пандемиянын төмөндөбөй эле кээ бир аймактарда тескерисинче күчөп жаткандыгын белгиледи.

"Эл базарлардан, коомдук транспорттон жана башка коомдук жайлардан жугузуп алып жатышат. Бишкек шаары бара-бара өлкөдөгү оорунун очогуна айланып баратканын көрүп жатабыз", — деп белгиледи мамлекет башчысы жана өзгөчө абалдын алынышы менен санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөл бошоңдоп кеткенин баса белгиледи.

"Коомдук жайларда элдин көп топтолгону байкалууда, ошондой эле ресторандарда көптөгөн адамдардын катышуусунда үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүп жаткандар да бар. Бул медиктерибиздин күн-түн дебей иштеген иштерине абдан жоопкерчиликсиз мамиле", - деп айтты мамлекет башчысы.

Президент илдеттин жайылуу коркунучу сакталып тургандыктан, пандемия шартында белгиленген талаптарды, санитардык ченемдерди сактабагандар мыйзам чегинде сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин өзгөчө баса белгиледи.

"Жарандар эрежелерди сактаган учурда гана COVID-19дун жайылышын токтото алгандыгын түшүнүшү керек. Кытайда тартипти сактоо менен илдетти чектөөгө алды. Учурда Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал жарандардын илдетке болгон кайдыгер мамилесин көрсөтүп турат жана вирусту жеңүүгө аз калды деп айтууга эрте. Кыргызстандагы кырдаал Кытайдагыдай деп айта албайм, бирок абал курч бойдон калууда. Оорунун очоктору болгон аймактарда өзгөчө абал режими киргизилеби же жокпу айтуу кыйын. Көпчүлүк жарандар бул кырдаал саясий жана социалдык-коомдук абалга таасирин тийгизерин түшүнбөшү мүмкүн. Шаарларда жана айылдарда жарандар ортосундагы байланыштарды, себепсиз кыймылдарды азайтуу керек. Ошентсе да, экономикалык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө эрте уруксат берилген деп ойлойм. Эми жарандардын коопсуздугун жана медкызматкерлердин иши тууралуу ойлонуу керек", - деди Донченко.

Өлкө башчы мындай кырдаалда негизги жоопкерчилик ар бир жарандын мойнунда экенин кошумчалады.

"Мындан аркы кырдаалдын өзгөрүшү ар бир мекендештин жоопкерчилиги менен жарандардын аң-сезимдүүлүгүнөн көз каранды. Ошону менен бирге эл көп чогулган жайларды жана коомдук транспортторду дезинфекциялоо боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгына көңүл бурууга чакырам", — деп белгиледи ал.

Мамлекет башчысы ошондой эле медиктерди, ички иштер органдарынын кызматкерлерин, илдет менен күрөшүүгө тартылгандарды өз маалында айлык акылары жана башка тиешелүү кошумча төлөмдөр менен камсыз кылуу зарылдыгын дагы бир жолу баса белгиледи.

"Кыргызстан оор мезгилди баштан кечирип жатат. Бардык кызматтар мобилизацияланган жана ар бири өз милдеттерин макулдашылган түрдө аткарууда. Бирок бул жерде калктын психикалык-эмоционалдык абалы маанилүү, анткени алар өздөрүнүн жүрүм-турумун көзөмөлдөөсүн түшүнүүсү керек. Президент Сооронбай Жээнбеков бир нече ирет жарандардын ден соолугунун коопсуздугу боюнча тынчсызданып жатканын билдирген. Чыдамдуу болуу керек. Азыр дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү ушундай жагдайларда чыдамдуу болууда. Ушул тапта жарандар түшүнүү жана биримдикти көрсөтүү зарыл. Дүрбөлөңгө түшпөө керек, буга эч себеп жок болуп жатканда. Көпчүлүк адамдар азыркы жагдайлардан пайдаланып, мамлекеттин абалына таасирин тийгизип жатышат. Бүгүнкү күндө фейк маалыматтар жакшы тароодо. Жарандарды тигил же бул маалыматты окууда кылдат мамиле жасоого үндөйт элем. Учурда президент, өкмөт жана башка жооптуу адамдардын бардык күч-аракеттерин колдоо маанилүү", - дейт "Кабар" МАБынын туруктуу эксперти Павел Дементьев.

Өлкөдөгү COVID-19 оорусу боюнча абалдын кескин начарлап кетишине карабастан бийликтин жакынкы күндөрдөгү иш-аракеттери туурасында айтуу эртелик кылат. Бирок бир нерсе түшүнүктүү, кайрадан кандайдыр бир чараларды көрүү керек болот, антпесе саламаттык сактоо системасында олуттуу көйгөй жаралып, жарандардын каза болушуна алып келиши мүмкүн.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий