• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги жаңы конуштарды сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Бишкектеги жаңы конуштарды сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери уланууда. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Түндүк электр" ААК калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында жаңы конуштарга темир-бетон мамыларды орнотуу, өзүн-өзү кармап туруучу аба чубалгыларын тартуу, кошумча көмөкчордондорду орнотуу иштерин аткарууда.

Алсак, "Түндүк электр" ААК электр куроочулары Аламүдүн районуна караштуу Алтын-Казык жаңы конушунда иш алып барышты. Алтын-Казык конушуна 2022-жылга 72 даана темир-бетон мамычасын, 2,5 чакырым өзүн-өзү кармап туруучу аба чубалгысын, 1 даана кошумча көмөкчордон орнотуу пландаштырылса, бүгүнкү күнгө иштин дээрлик 80 пайызы кыска мөөнөттө аткарылды.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын жылдын ноябрь айынын башында өлкө башчысы Садыр Жапаров Ак-Ордо-3, ТЭЦ-2, Алтын-Казык жаңы конуштарын жашоочулары менен жолугуп, жергиликтүү тургундардын бир катар көйгөйлүү маселелерин угуп, алар жашап жаткан жерди трансформациялоо, сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо маселесин тез арада чечүү үчүн тиешелүү органдарга анын ичинен Энергетика министрлигине да тапшырма берген.

Пикир

Оставить комментарий