• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаңы үлгүдөгү техпаспорт колдонууга киргизилди

Коом 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Жаңы үлгүдөгү транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк колдонууга киргизилди, - деп билдирет Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Мамкаттоо кызматы 26-июлдан тарта автоунаанын жаңы үлгүдөгү күбөлүгүн бере баштаган.

"Жаңы үлгүдөгү күбөлүктүн колдонууга кириши менен мурда берилген күбөлүктөрдү милдеттүү түрдө алмаштыруу талабы коюлбайт", - деп айтылат маалыматта.

Жаңы үлгүдөгү күбөлүк 2019-жылдын 26-июлунан тартып катталган жана кайра катталган транспорт каражаттарына берилет, ал эми мурда берилген эски үлгүдөгү күбөлүктөр кийинки кайра каттоого чейин өзүнүн юридикалык күчүн жоготпойт.

"Ошол эле учурда 2019-жылдын 10-июнунан тартып убактылуу берилген транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктү алмаштыруу керек, алмаштыруу учурунда 192 сом төлөнөт, бул жаңы үлгүдөгү күбөлүк баасы. Жаңы үлгүдөгү транспорт каражаттарын каттоо жөнүндөгү күбөлүк жакшыртылган дизайн, жыйырмадан ашык күчөтүлгөн коргоо элементтери менен киргизилип, сапатын жогорулатуу жана коргоо элементтерин күчөтүү менен бирге эле жаңы келишимдин негизинде күбөлүктүн баасы улуттук валюта менен бекитилип 192 сомду түздү. Бул мурдагыдан төрт эсе арзан", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий