• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаңы окуу жылында 5-класстарга англис тили сааты көбөйтүлөт – Г.Кудайбердиева

Билим 0

Бишкек, 13-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Жаңы окуу жылынан баштап 5-класстын окуучулары англис тилин жумасына беш жолу окушат. Бул тууралуу маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, учурда 5-класстарга англис тили жана информатика сааттарын көбөйтүү маселеси иштелүүдө. Буга ылайык, 5-класстын окуучулары англис тилин күн сайын жана информатиканы бир жолу окуп калышат.

“Учурда окуу программасынын жаңы предметтери иштелип, англис тили мугалимдерин кайра окутуу маселеси чечилүүдө. Республика боюнча 5 миң англис тили мугалими иштейт. 1 миң 900 бешинчи класстарды окутат. Ошондуктан жаңы окуу жылына чейин бул мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга аракеттенебиз”, - деди Г.Кудайбердиева.

Пикир

Оставить комментарий