• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жаңы окуу жылында кандай жаңычылдыктар киргизилет?

Аналитика 0

Жаңы окуу жылында билим берүүдө айрым жаңычылыктар киргизилет. Бул окуу процессине эле эмес, окуунун башталышына дагы байланыштуу. Акыркы бир нече жылда жалпысынан билим берүү тармагында башкача мүнөздөгү реформаларды байкоого болот – айрымдары аргасыздан, айрымдары санариптештирүү менен коштолсо, башкалары мезгилдин талабы болду. Тигил же бул билим берүүнүн азыркы формасы, мисалы, мындан 5 жыл мурдагыдан бир топ айырмаланат.

Мындай өзгөрүүгө таасир эткен маанилүү фактор коронавирус пандемиясы болду. Анда шашылыш түрдө балдарды аралыктан окутуу формасына өткөрүү зарылчылыгы келип чыкты, ар кандай санариптик жардамчы инструменттер пайда болуп, алар бүгүнкү күндө да колдонулуп келет, мисалы, санариптик күндөлүк. Мындан тышкары, санариптик китепканалар жаңыланып, жалпысынан билимге жеткиликтүүлүк көбөйүүдө.

Ошондой эле өткөн жылы билим берүү календарында өзгөрүү болду – окуучулар мектепке 15-сентябрда барышты. Буга карантиндик режимдин начарлашы жана туристтик сезондун узартылышы себеп болгон. Бул маселе бир кыйла талаш-тартыштуу болуп, ата-энелер көпкө талкуулашты. Ал эми мунун түздөн-түз туризм тармагына канчалык жардам бергенин айтуу кыйын. Ошондой болсо да процесс окуу жылы бүткөнгө чейин талкууланды. Анын жыйынтыгы менен Билим берүү жана илим министрлиги пикирге кулак салып, учурда министрлер кабинетине жаңы 2022-0223-жаңы окуу жылын 1-сентябрда баштоо тууралуу токтом долбоору даярдалып жатканын билдирди.

Дагы бир активдүү талкууланган тема мектеп программасына “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын киргизүү болду. Тиешелүү жарлыкка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койду.

“Акыркы жылдары дүйнө жүзү боюнча да, Борбордук Азия регионунда да диний экстремизмдин жана радикализмдин өсүшүнүн айынан социалдык-саясий кырдаалдын татаалданышы байкалууда. Бул тенденция мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген зомбулуктун жана экстремисттик иштин жайылуу коркунучуна алып келет. Жалпысынан диний экстремизмди жана терроризмди дин деп түшүнбөстөн, анын радикалдуу формаларына каршы туруу керек. Кыргыз Республикасында конституциялык түзүлүштү өзгөртүүнү, светтик системаны теократиялык системага алмаштырууну эл алдында пропагандалоону камтыган радикалдуу диний идеологияларга мыйзам менен тыюу салынган”, - деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Жаңы сабак 9-класстын окуучуларына окутулат. Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, жалпы билим берүү уюмдары “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын берүүгө мугалимдерди тандап алууда иштерин жүргүзөт.

Мугалимдерди тандоодо райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү арыз берген адамдардын документтерин кылдаттык менен карап чыгат. Билим берүү министрлиги арыз берген талапкерлерден төмөнкүлөр талап кылынат:

- квалификациялык талаптарга жооп берген “Теология” багыты боюнча жогорку кесиптик билим деңгээлинин же “Тарых мугалими” квалификациясы бар жогорку педагогикалык билиминин болушу. Бул учурда дипломдун оригиналын берүү менен бакалавр, адис, магистр даражаларынан төмөн эмес деңгээлдер караларын эске алуу керек;

- эмгек китепчеси;

- мектептин директорунун атына мугалимдин арызынын болушу;

- иштеген жеринен сунуштама кат;

- 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт.

Ошондой эле президенттин администрациясынан тактагандай, аталган предметти окутуу укугу төмөнкү адамдарга берилет:

  • диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология жана окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты бар адамдарга;
  • кадрлар жетишпеген учурларда, тиешелүү педагогикалык квалификациядан өткөн “тарых мугалими” квалификациясы менен педагогикалык билими бар адамдарга;

Мындан тышкары,

Мындан тышкары, “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин окутуу үчүн адамдарга уруксат берүү КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү текшерүү иш-чараларынын жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.

Ошондой эле жаңы окуу жылында дагы бир жаңы “Адам жана дүйнө” сабагы киргизилери маалымдалды. Аталган сабак башталгыч класстын окуучуларына окутулат. Анын программасында мекен таануу, жаратылыш тарыхы, жашоонун коопсуздугунун негиздери, этика маселелери көтөрүлөт.

“Документке ылайык, Мамлекеттик стандарттын долбоорунда чагылдырылган билим берүүнүн милдеттери ар бир окуучунун чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана өнүктүрүү, аны эмгекчилдикке жана бийик адеп-ахлактык принциптерге тарбиялоо, өз алдынча билим алуу көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү, инсандын өзүн-өзү таануусу жана өзүн-өзү өнүктүрүүсү, ошондой эле билим берүү тутумунда билим берүүнүн салттуу маданий, руханий, адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга, балдардын физикалык, психикалык, социалдык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү үчүн шарттарга шайкеш келишин камсыз кылуу болуп саналат”, - деп айтылат негиздемеде.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий