• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаӊы жыл түнү кайсы маалда такси чакырган пайдалуу?

Коом 0

Жаӊы жылдын алдында жана майрам күнү кечинде адамдар шаарда көп жол жүрөт. Көбү майрамга даярданат, акыркы иштерин бүтүрөт, азык-түлүк жана белектерди сатып алат, досторуна жана жакындарына учурашканы барат. Майрам алдында иштерди пландоого жардам берүү үчүн Яндекс Go кайсы учурда такси чакыруу пайдалуу болорун эсиӊиздерге салмакчы.

Таксиде жол жүрүүнүн жалпы баасы түзүлүүчү тарифтер – 1 км жана 1 мүнөттүн наркы – Жаӊы жыл алдында сервисте эч кандай өзгөрбөйт. Бирок финалдык баага сапардын узактыгы, талаптын деӊгээли, линиядагы бош унаалардын саны, жолдогу тыгындар сыяктуу башка факторлор таасирин тийгизерин эске алуу керек. Сезон дагы кыйыр таасир этет: карда же катуу суукта такси менен жол жүрүүнү каалагандар көбүрөөк болот. Ал эми айдоочулар тескерисинче азаят: себеби жолдогу татаал кырдаалдан улам көбү үйдө калат.

Жаӊы жыл алдындагы аптанын дем алыш күндөрү адатта иш өтө көп болот: баары белек-бечкек жана жаӊы жылдык дасторконго дүйүм даам алууга, акыркы иштерди бүтүрүүгө шашат. Ишемби күнү, 23-декабрда саат 13:00 чейин жана кечкисин саат 19:00 жана 22:00 аралыгында такси чакыруу көбүрөөк пайдалуу. Ал эми жекшембиде, 24-декабрь күнү сапарларды саат 17:00 чейин пландаган жакшыраак – кечинде такси чакыруу көбөйөт жана баа убактылуу жогорулап кетиши мүмкүн.

31-декабрда саат 12:00 чейин же саат 14:00 тартып, 16:00 чейин машина чакыруу пайдалуу. Кечке карата бардыгы акыркы соодасын кылып бүтөт же конокко жетип алышат, демек бош машиналар көбүрөөк жана сапардын баасы арзан болот. Бирок шашылуу керек, анткени түнкү саат 12:00 жакын айдоочулар үй-бүлөсү менен жаӊы жылдык дасторкондо чогуу болуш үчүн иш убактысын жыйынтыктай баштайт, демек айланада бош машиналар азаят жана баалар убактылуу өсөт.

Жаӊы жылды тосуудан кийин жана 1-январь түнү саат 2:00 чейин элдин көбү үйдө отурбайт, алар сейилдеп көчөдө болот же конокко барат. Ошол кезде башка түндөргө караганда линияда айдоочулар аз болот, ал эми таксиге талап көбөйө баштайт – ал учурда сапардын баасы адаттагыдан жогору болушу мүмкүн. Ошол маалда конокко баруу, сейилдөөгө чыгуу же үйгө кайтуу үчүн саат 2:00 тартып 5:00 чейин эӊ ыӊгайлуу убакыт болот, ушул аралыкта машинага талап азаят жана сапардын баасы дагы төмөндөйт.

1-январда эртеӊ менен саат 09:00 тартып 17:00 чейин такси чакырган ыӊгайлуу: ушул аралыкта айдоочулар линияга чыга баштайт, ал эми көпчүлүк адамдар ошол учурга карата майрамдан кийин үйлөрүнө кайтышат. Ал эми саат 17:00 кийин көпчүлүк адамдар туугандарына жана досторуна барат, андыктан сапар үчүн баалар убактылуу жогору болушу мүмкүн.

♦Колдонуучулар өз сапарларын ыӊгайлуу пландап алышы үчүн тиркемеде Талап индекси – атайын информер бар, ал реалдуу убакыт режиминде машинага карата талаптын деӊгээлин көрсөтүп турат. Мисалы линияда бош машиналар жетиштүү болсо, анда визуалдык информер жашыл түстө, ал эми баалар адаттагыдай болот♦.

Яндекс Go тиркемесинде таксиге талап жогору кезде да сапардан үнөмдөөгө мүмкүндүк берген технология бар. Мисалы алгоритм автоунааны бир азга күтө турууну же сапар аяктагандан кийин көздөгөн жерге чейин бир нече мүнөт басып баруу сунуштайт. Бул айдоочу үчүн дагы ыӊгайлуу: мында ал короого кирип чыгуудан убакытты үнөмдөйт жана жаӊы чакырууга тезирээк жөнөп кете алат. Эгерде «Бирге» опциясын тандаса, сапарды жолу бирге жүргүнчү менен бөлүшүүгө болот. Мындай учурда бир машинаны бир тарапка бара турган эки киши чакыра алат. Ошол эле учурда таксинин жол киреси экөө үчүн арзан түшөт, ал эми айдоочу эки чакырууну бир аткаруу менен көбүрөөк иштеп табат.

Пикир

Оставить комментарий